• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Банктар насыянын пайызы боюнча төлөмдөрдү токтотконго мүмкүнчүлүгү жок – Акимбеков

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Банктар насыяны төлөө мөөнөтүн жылдырганы менен пайыздар боюнча төлөмдү токтотконго мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Хусейн Акимбеков билдирди.

Түз эфирде Акимбековго Аксы районунун тургуну кайрылып: "мурда насыяны өз убагында төлөп келгенбиз. Учурдагы кырдаалга байланыштуу насыянын төлөмдөрү 3 айга жылдырылары айтылган. Бизге банктан насыяны төлөө мөөнөтү жылдырылганы менен пайыздар төлөнө турганы айтылды", - деп, ал маселе боюнча маалымат сурады.

Ал насыяны төлөө мөөнөтүн 3 айга жылдыруу сунушталганын, ошондой эле насыяны, анын пайыздарын өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн туум же башка кошумча акча алынбашы керектигин эскертти. Бирок ошол эле учурда ал банктар пайздары боюнча төлөмдөрдү токтото албай тургандыгын билдирди.

"Илдетке байланыштуу өзгөчө абал учурунда көп жерлерде насыялар убагында төлөнбөй жатат. Банктар насыяны төлөө мөөнөтүн жылдырып жатат, бирок пайыздар боюнча төлөмдү токтотконго мүмкүнчүлүгү жок. Банктар бир жагынан жарандардан депозит алып, ал жарандардын алдында милдети бар. Алар депозитке түшкөн акчаларды насыяга берип, насыянын пайызынын эсебинен аманатчылардын алдындагы милдетин аткарат. Ошондуктан пайыздарды токтотконго мүмкүнчүлүгү жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий