• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Банктар жана банк иштери жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты КР Конституциясынын айрым беренелерин ишке ашыруу, ошондой эле, банк иштери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү жана системалаштыруу, ички карама каршылыктарды жоюу жана банк мыйзамдарындагы боштуктарды толтуруу болуп саналат.

Мыйзам банк иштерин жүзөгө ашыруудагы маселелерди, банктарды түзүү, реструктуризациялоо, жоюунун тартибин, ошондой эле банктык сырды камтыган маалыматты берүү тартибин жөнгө салат.

Мындан тышкары, мыйзам менен банктык көзөмөлдү, аудитти жүргүзүүнүн, банкты финансылык жактан чыңдоонун, банктарга колдонула турган таасир этүүчү чаралардын укуктук негиздерин аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий