• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Банктардын депозиттик базасы 164,5 млрд сомду түздү - Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Банктардын депозиттик базасы 164,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

"Биринчи жарым жылдыкта банктардын депозиттик базасы 9%га көбөйүп, 164,5 млрд сомду түзгөн. Банктардын кредиттик портфелинин алгылыктуу динамикасы да байкалган. Алардын жалпы көлөмү ушул жылдын январь-июнь айларында 4,7 пайызга өсүп, 153 млрд сомго чейин жеткен", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий