• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бара турган жерин так көрсөтүү керек. Маршруттук баракчаны толтуруунун жол-жобосу

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Жарандар өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат. Алар - дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга, дарыканадан дары-дармек сатып алууга, дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Республикалык штабдан маршруттук баракчанын формасы жана өзгөчө абалда кайсы убакытта керектиги тууралуу маалымат беришти.

"Саат 07.00дөн 20.00гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге баруудан тышкары, калган жарандардын жүрүүсү чектелет жана өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана колго толтурулган маршруттук баракчасы болушу керек", - деп айтылат маалыматта.

Анда төмөнкү маалыматтар колго тортурулган болууга тийиш:
- Аты-жөнү;
-Телефон номери;
-Үйдөн чыккан себеби;
-Чыккан убактысы;
-Кайткан убактысы;
-Жашаган жери;
-Бара турган жери.

Эске сала кетсек, банкка өтө зарыл болгон учурларда гана кайрылууга болот, алгач алардын өзгөчө абал учурундагы иштөө графигин тактап алганыңыз оң.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий