• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бардыгы 61. Казакстанда коронавирусту жуктурган дагы бир учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Алматыда коронавирусту жуктурган дагы бир учур катталды. Шаарда 26, ал эми өлкө боюнча илдетти 61 адам жуктурду. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Kazpravda.kz. басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Нур-Султанда 31, Алматыда 26, Карагандада 2 жана Алматы менен Актөбе облустарында бирден учур катталган.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөгө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. 16-марттан тарта Казакстанда мектеп окуучулары жана студенттер тарашып, аралыктан окуу программасына өткөн. Аны менен бирге, өлкөдө спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. 19-марттан баштап Нур-Султан жана Алматыда карантин киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий