• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бардык базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт –Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Бардык базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, эл көп топтолгон жерлерде коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталууда. “Ошондуктан биз бардык базарларды 2-3 күнгө жаап, дезинфекциялоо иштерин жүргүзөбүз. Бишкек мэриясынын алдындагы оперативдүү штаб бул боюнча пландап, иш алып барууда”, - деди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Бишкек мэриясынын алдындагы оперативдүү штаб бул боюнча

Белгилей кетсек, 13-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2207 учур катталды. Алардын ичинен 429у медицина кызматкери. Илдеттен 1722 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий