• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Манас", "Россия, "Октябрь" кинотеатрларында казак тасмалары акысыз көрсөтүлүүдө

Маданият 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында казак кино күндөрү ачылды. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-октябрда Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында казак кино күндөрү расмий ачылган.

Ачылыш салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, СССРдин жана Казакстан Республикасынын эл артисти Асанали Ашымов жана башка эки өлкөнүн белгилүү кино ишмерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында министр Кайрат Иманалиев Асанали Ашымовго КРнын Улуттук “Ак Илбирс” кино сыйлыгын тапшырды.

Министр өз сөзүндө кыргыз-казак маданиятын бөлүп кароого болбой тургандыгын баса белгилөө менен, кыргыз-казак биргелешкен тасмаларынын тартылышы, алмустактан бери келе жаткан бир туугандык жакындыгы , биргелешкен маданият жаатында кызматташуусу дагы жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн айтып, маданий багыттын бардык тармагы боюнча кызматташуу мындан ары да уланып, эки тараптуу алаканын жыйынтыгы катары бүгүнкү өтүп жаткан Казак маданият күндөрү экендигин баса белгиледи.

Эске салсак казак кино күндөрү 7-9-октябрь күндөрү өтүп, казак тасмалары "Манас", "Россия" жана "Октябрь" кинотеатрларында бардык жарандар үчүн акысыз көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий