• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министрликтерге бизнес жөнүндөгү карама-каршы келген мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Бардык министрликтерге карама-каршылыктар болбошу үчүн бизнес жөнүндөгү мыйзамдарга инвентаризациялоо жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн КР президентинин «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жана «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу кеңешмеде КРнын президентинин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүн башчысы Искендер Гайпкулов билдирди.

“Сиздер колдонуп жаткан бардык мыйзамдар инвентаризациялоодон өтүшү керек жана 10-апрелге чейин карама-каршылыктар бар мыйзам долбоорлору берилиши керек. Бардык министрликтер 10-апреге чейин мыйзамды өзгөртүү боюнча өздөрүнун сунуштарын бериши зарыл. Кимде ким аткара албаса жана сунуш бербесе таарынбай эле койсун. Биз барын өлкө башчыга билдиребиз. Президенттин тапшырмасы толук аткарылышы керек. Бизнеске шарт түзүп беришибиз керек. Бизнестин ишин активдештирүү менен алардын учурда болуп жаткандай өлкөдөн чыгып кетишине жеткирбешибиз абзел”,-деди ал.

Гайпкулов убакыт өтө аз экенин эскертти. “Биз ички тоскоолдуктарды алып, бардык бюрократтык толкоолдуктарды жок кылышыбыз керек. Азыр министрликтен бир кагаз алуу өтө татаал процесс. Мындай болбошу керек”-деди Гайпкулов.

Пикир

Оставить комментарий