• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бардык убадаларды аткаруу үчүн күн сайын эмгек кылууга даярмын — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. «Эл сапаттуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Бардык убадаларды аткаруу үчүн күн сайын талыкпаган эмгек талап кылынат. Мен мындай ишке даярмын», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 26-февралдагы «Российская газетага» берген маегинде.

Садыр Жапаров Президенттик шайлоодо ага негизинен аймактардагылар добуш бергендиги боюнча суроого жооп берип жатып, анын талапкерлигин бир эле айылдыктар эмес, шаарлардын тургундары дагы колдогондугун белгиледи.

«Өлкөнүн бардык облустары менен шаарларында көпчүлүк добушка ээ болдум. Мисалы, Бишкекте мага борбордо экинчи орунду алган талапкерге караганда беш эсе көп шайлоочу добушун берди. Биринчиден, шайлоочулар мени элден чыккан жөнөкөй адам катары жана коррупцияга белчесинен батып, өлкөдө көп жылдар бою үстөмдүк кылып келген элиталардын системасын буза турган, системадан тыш адам катары көрүп, колдошту деп ойлойм. Мындан тышкары, парламенттик система элдин үмүтүн актай алган жок, парламент өз бизнесин коргоо үчүн депутаттык статусту сатып алган олигархтардын чогулушуна айланып калды. Партия лидерлери мандат саткан соодагер болуп калышты. Коррупция бийликтин аткаруу жана сот бутактарын толугу менен бузуп бүттү. Өлкөнү саясий талаш-тартыштар, жаңжалдар бөлүп-жарды. Башкаруучу элита толугу менен башкарууга жөндөмсүздүгүн жана моралдык жактан деградацияга туш болгонун көрсөттү. Тилекке каршы, мындай иштердин жыйынтыгы жаман болуп, элдин үч ирет массалык нааразычылыкка чыгышына түрткү болду. Натыйжада бийлик үч жолу алмашты», — деп айтты мамлекет башчысы.

Президент андан ары шайлоо алдындагы үгүт маалында берген убадаларын аткара баштагандыгына токтолду.

«Учурда коррупцияга каршы күрөш кызуу жүрүп, премьер-министрлер баш болгон ири чиновниктер камалып жатканын белгилей кетейин. Ири уюшкан кылмыштуу топтордун бир нече лидерлери камакка алынды. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мамлекеттик органдар оптимизацияланууда. Саламаттыкты сактоо, жер казынасын пайдалануу, миграция, айыл чарба, инвестиция жана башка чөйрөлөрдө биринчи он Жарлык кабыл алынды. Албетте, кагаз баарына чыдайт. Каалаган Жарлыкты чыгара берсең болот. Бирок, жарлыктар кезектеги куру декларативдүү документ болуп калбашы үчүн, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүмө алам», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий