• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Бардык жетекчилер кызматтан алынат". Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин кескин сындады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар. Айыл чарбанын дээрлик бардык тармактарында биз «артта калып жатабыз». Кайсыл жакка караба "кемчиликтер" бар: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөн. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады. Бул тууралуу К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы министрликтин ишин толугу менен кайра карап чыгуу керек деп белгиледи.

"Министрликтин акыркы «керектөөчүсү» - бул дыйкан, андыктан сиздердин иш минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодон баштап, өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого чейин анын керектөөсүн толугу менен канааттандырышы керек. Бул иштин бардык чынжырчасы сиздердин көзөмөлдө болушу керек”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Россия Федерациясы тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча министрликтин ишин сынга алды.

"Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат. Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?", - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы ирригация маселелерине токтолду.

"Мурда министрлик иштин натыйжасы жоктугунун бирден-бир себебин каржылык ресурстардын жетишсиздиги деп атаса, азыр бул көйгөй жок, бирок иш кандай турсу, ошол бойдон турат. Кыймылдагыла, азыр убакыт бизге каршы иштеп жатат. Ирригациялык системаларды тазалоочу техникалар качан келет, эмне үчүн келишим түзүлө элек, качан ОЧК-2 курулушу башталат", - деп суроо салды Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеев тазалоочу жабдууларды сатып алуу боюнча келишимге 2 айдын ичинде кол коюларын, аны алып келүү үчүн да ушунча убакыт талап кылынарын белгиледи. «ОЧК-2 боюнча бул маселе жакынкы арада келе турган казак делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгында чечилет», - деп жооп берди ал.

Жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берип, «министрликтин ишмердүүлүгүнө сентябрь айында тиешелүү баа берилерин» белгиледи.

"Сиздерге министрликтин ишин оңдоп, «жолго коюуга» акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат, бирок сентябрда сезилерлик жыйынтыктарды көрбөсөк, ведомствого караштуу мекемелердин бардык жетекчилери, министрдин орун басарларына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулат", - деп жыйынтыктады Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий