• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бардык жолдордо унаа кыймылын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бардык жолдордо унаа кыймылын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Учурда республиканын ашууларында жана көпчүлүк аймактарда кар жаап жатат. Жолчулар жолдорду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө. Ашууларда жааган кардын калындыгы 20-25 см жетти.

Министрлик тейлеген жолдордун бары автоунаалар үчүн ачык.

Жаап жаткан карга байланыштуу Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.

Республикадагы кырдаалга байланыштуу, учурда иштеп жаткан адистердин бардыгы коргонуучу каражаттар – беткап, колкап, санитайзерлер менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий