• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БАРЭК өлкөлөрүнүн Борбордук Азия экономикалык кызматташтык институту уюштуруулууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети БАРЭК өлкөлөрүнүн катышуусунда Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу каралып, ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Баяндамачынын айтымында, бул институтту уюштуруу жөнүндөгү макулдашуу илимий изилдөөлөр менен мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу борборун түзүүгө багытталган, ал экономикалык кызматташтык программасынын сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Кыргыз тарап мүчөлүк акы төлөбөйт, каржы чыгымдарын азырынча кытай тарап толугу менен өз мойнуна алууда.

Пикир

Оставить комментарий