• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баргандар да барбагандар да арманда! Кереметтүү Талас жергесине саякат

Коом 0

Кыргызстандын акыркы жылдары чет элдик туристтердин арасында чоң кызык жаратып келет. Чет өлкөлөрдүн Кыргызстан менен түз аба каттамдарын ачуу тууралуу сунуштары жана биздин өлкөнүн бул тарапта жасаган кадамдары, кыргыз жерине келүүнү кааланган туристтердин саны өсүп жаткандыгынан кабар берет. Кыргыздардын жашоо шарты, жаратылышы жана эли менен таанышууну каалагандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Көп чет элдик басылмалар Кыргызстанды эркин саякаттын “өлкөсү” деп мактап келишет. Эркин саякат – бул туристтик операторлордон баш тартып, баардык саякаттарга өз алдынча баруу дегенди түшүндүрөт. Бул ирет сапарыбыз кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан улуу Манас бабабыздын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Талас жергесине уладык.

Талас - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алып, өлкө ичинде территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус болуп эсептелет. Талас облусу калың журт ичинде өзүнүн сыйкырдуу жерлери менен көптөрдүн жүрөктөрүн багындырып келет. Ал эми жагымдуу аба-ырай, таза аба жана тоодон соккон салкын жел көптөрдүн эс алуусун унутулгус кылат. Чет өлкөдөн келген туристтер кетээрде сөзсүз кайра кайтып келээрин айтышат. Таластын жайлоолору, капчыгайлары жана бийик тоолору туризмдин баардык түрүн аркалагандардын арасында кызыгуу жаратып келет. Облустун аймагында ар бир адам өзү үчүн кызыктуу эс алуу таба алат десек жаңылышпайбыз.Таласта жөө туризм, альпинизм, парапланда учуп, ат минип, велосипед тээп жана жөн гана жаратылышта чатыр тигип, пикник жасап эс алууга абдан ыңгайлуу.

Кыргызстандын эң кичине облусуна болгон саякат эч кимди көңүл кош калтырбайт.

Эң биринчи кезекте “Манас ордо” улуттук тарыхый-маданий комплексине багыт алуу сунушталат.

“Манас ордо” улуттук тарыхый-маданий комплекси - Талас облусунун Ташарык айылында жайгашкан. Кыргыз эли учүн Манас жана анын күмбөзү, “Манас” эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, саймалуу жазуулар бар таштар, үңкүрлөр, суулар, булактар жана башка жерлер эл үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.

Ошол себептен атуулдарыбыз, ата-бабаларыбыз Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда.

Белгилүү изилдөөчү Жусупбек уулу Токтогазы күмбөздүн бетиндеги жазууну окуп аны чечмелеген. Андан башка да көптөгөн окумуштуулар “Манас Ордонун” тарыхын изилдеп келүүдө. Музейдин ичинде таштан жасалган ар түрдүү эстеликтер, ошол мезгилдеги буюмдар жана байыркы жазуулар түшүрүлгөн таштарды көрсө болот. Анын ичинде кыргыз, орус, англис тилдеринде кызыктуу экскурсияларды өткөрүп келишет. Бул комплекстин ичине кирген адамдар көргөн көздөрүнө ишенбей келишет.

Бул жер тууралуу көп уламыштар айтылып келет. Алар тууралуу жергиликтүү жарандар кызыгуу менен ар бир келген коноко айтып берүүгө даяр.

Беш-таш улуттук паркы

Беш-таш паркы Талас өрөөнүндө, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Парктын аянты 32 миң гектар. Ал Кыргызстандын табигый комплексин жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парктын аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, анын ичинде 28 түрү токой менен бадалдар. Ошондой эле жаратылыш парктын ичинде элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркестан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көк жору аттуу жаныбарларды көрүүгө болот.

Акыркы жылдары бул жаратылыш парк жергиликтүү жана чет элдик туристтердин арасында чоң кызыгуу жаратып, келгендердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бул парктын ичине атайын экскурсиялар да уюштурулат.

Парктын аймагында сейилдеп жүрүп илбирс, аюу же ителгилерди жолуктуруп калуу мүмкүн.

Бул жаратылыш паркынын аймагында 3000 метр бийиктикте ажайып кооз Беш-Таш көлү чалкалап жатат. Ал көлгө 4-5 саатта жетүүгө болот. Бул көл улуттук табият паркын өзү менен уникалдуу кылат.

Үрмарал капчыгайы

Үчмарал капчыгайы - Беш-Таш улуттук паркынын аймагында жайгашкан. Ал капчыгайдын арча токойлору, карагай токойлору, кенен жайлоолору жана тоолордун кызыл таштуу боорлору өзгөчө бир ажайып кооз. Ал эми ал жака алып барган жол өзүнчө бир керемет. Тилекке каршы, ал жакка унаа менен баруу мүмкүн эмес, бирок, ат менен сейилдеп, көз жоосун алган жаратылыш менен таанышып келсе болот. Ошондой эле бул капчыгайды өзгөчө кылган байыркы айбанаттардын сүрөтү жана араб кол тамгалары түшүрүлгөн петроглифтерди да көрүүгө болот.

Манас чокусу

Манас чокусу — Талас Ала-Тоосунун эң бийик жери. Анын бийиктиги 4482 метрди түзөт. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө тик, кар- мөңгү токтобойт. Түштүк-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Бул чокуну алгачкы жолу 1933-жылы москвалык альпинист Э. С. Левин багындырган. Альпинизм сүйүүчүлөрү үчүн өз күчүн сыноо үчүн бул чоку жакшы мүмкүнчүлүк.

Киров суу сактагычы

Суу сактагыч — Киров районунун аймагында жайгашкан. Ал ишке 1975-жылы киргизилген. Суу сактагыч Талас суусунун нугунда курулган. Анын узундугу 14 чакырымды түзүп, эң жазы жери 3 чакырымды, ал эми терең 72 чакырымды түзөт. Ал негизинен сугатчылыкта пайдаланылып жана ошондой эле ишканаларды суу менен камсыз кылып келет.

Суу сактагыч гидротехникалык жактан татаал курулган курулуштардын тизмесине кирет. Ал өлкөдөгү контрфорс тибиндеги курулган тунгуч плотина болуп эсептелет.

Сүрөттөр Baibol.kg, too.kg, TripToKyrgyzstan.com, yandex.com сайттарынан алынган

Даярдаган Салтанат Абдраева

Пикир

Оставить комментарий