• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баронесса Вивиен Стерн: Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен таанышуусуна шарт түздү

Коом 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Улуу Британия Парламентинин Лорддор палатасынын депутаты, баронесса Вивиен Стерн менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын андар ары чыӊдоо жаатында пикир алышты. Жолугушууга кыргыз тараптан депутат Наталья Никитенко менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Вице-спикер Асел Кодуранова ушу тапта Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы саясий, экономикалык, соода-сатык кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын белгилөө менен бирге, маданий байланыштарга да көӊүл буруу зарылдыгын белгилеп, баронесса Вивиен Стернге Кыргызстандын пенитенциардык тутумуна жакындан колдоо көрсөтүп келатканы үчүн ыраазычылык билдирди. «Азыр өлкөнүн түрмө тутумунда кыйла өзгөрүүлөр болуп, андагы адамдарды кармоо шарты жакшырды», - деди депутат.

Ал эми баронесса Вивиен Стерн азыркы учурда жүрүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деӊгээлде уюштурулганына өзү күбө болгонун, ага Улуу Британиянын өкүлдөрү алгачкы жолу катышып жатканын айтты. «Дүйнөлүк көчмөндөр оюну көп өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен таанышуусуна жакшы шарт түздү. Мен бул эл аралык иш-чаранын ачылышына катышканыма сыймыктанам», - деди ал.

Андан тышкары, баронесса Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерин чыӊдоого, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды кеӊейтүүгө кызыкдар экенин, ага ушул жылдын декабрь айында боло турган кыргыз парламентинин делегациясынын Улуу Британияга жасай турган иш сапары түркү берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий