• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Барпы театрынын чейрек кылымы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси болуп өтмөкчү. Бул тууралуу аталган театрдын администрациясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, бул маданий иш-чара театрдын негизделгенинин чейрек кылымдык ишмердигин коомчулук менен чогуу белгилөө, быйылкы театр сезонун расмий ачуу жана алдыда белгиленүүчү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлоо максатында уюштурулууда.

Бул маараке учурунда театрдын чыгармачылык жамааты тарабынан “Театр дүйнөсүнө саякат”, “Театрга 25 жыл, сүрөттөр сүйлөйт” деген темада областтагы театр өнөрүнүн пайда болушу, калыптануу таржымалы тууралуу видео-баяндама берилет, театралдаштырылган сахна бөлүгү тартууланып, А. Цагареллинин “Ханума” спектакли көрсөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад областтык Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драмалык театры 25 жыл ичинде ондогон спектаклдери менен элге жагып, эл аралык бир катар фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий