• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Барселона” 1:0 эсебинде “Манчестер Юнайтед” командасын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 11.04.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Манчестер Юнайтед” клубу “Барселона” командасы менен оюн өткөрдү. “Олд Траффорд” калаасында болгон беттеште 1:0 эсебинде “Барселона” командасы жеңип алды.

Оюндун 12-мүнөтүндө Мессинин көтөрүп берген тобун Луис Суарес башы менен сүзүп гол киргизди. Бирок, Луис Суарестин сүзгөн тобу кызылдардын коргоочусу Люк Шоуга тийгендиктен авто гол деп эсептелинди.

2-таймда кооптуу чабуулдар болгону менен гол жаралган жок.

Эки команданын жооптук беттеши 17-апрелде саат 1:00дө “Камп Ноу” калаасында өтөт.

Экинчи беттеште голландиялык "Аякс" менен италиялык "Ювентус" тең чыгып, оюн 1:1 эсеби менен аяктады.

Эскерте кетсек, чейрек финалынын алгачкы оюдарында “Тотенхэм” клубу “Манчестер Сити” командасын 1:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми, “Ливерпуль” “Порту” клубун 2:0 эсебинде артта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий