• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Барселона" 26-ирет Испаниянын футбол боюнча чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. "Барселона" клубу 26-ирет Испаниянын футбол боюнча чемпиону болду.

Каталониялык клуб Испан чемпионатынын 35-турунда "Левантени" 1:0 эсебинде жеңип алды.

Чемпионаттын бүтөрүнө 3 тур калганда "Барселона" 83 упай менен биринчи орунда келатат. Ал эми экинчи орунда 74 упай менен "Атлетико Мадрид", үчүнчү орунда "Реал" – 65 упай.

Эске салсак, 25-майда "Барселона" менен "Валенсия" Испания Кубогунун финалында беттешишет.

Мындан тышкары, каталониялык клуб Чемпиондор Лигасынын 1/2 финалында англиялык "Ливерпуль" менен ойнойт. Бул матчтар 1 жана 7-майда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий