• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Барселона – Атлетико” оюну: Месси карьерасындагы 700-голун киргизди

Спорт 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасындагы 700-голун “Атлетико” командасынын дарбазасына киргизди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Футбол боюнча Испаниянын чемпионатынын 33-турунда “Барселона” командасы “Атлетико” клубу менен оюн өткөрдү. Оюн 2:2 эсебинде аяктады. Месси 11 метр аралыктан айып соккусун тээп, гол киргизген.

Месси “Барселонанын” катарында 724 беттеш өткөрүп, 630 гол киргизсе, Аргентинанын курамасында 138 оюнга катышып, 70 гол жараткан.

Быйылкы сезондо аргентиналык оюнчу 28 оюнга катышып, атаандашынын дарбазасына 22 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий