• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Барселона" Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 6-турунда испаниялык "Барселона" италиялык "Интер" клубу менен оюн өткөрдү.

Оюн Барселонанын пайдасына 2:1 эсебинде аяктады. Оюндун 23-мүнөтүндө испаниялык клубдун оюнчусу Карлес Перес эсепти ачты. Беттештин 44-мүнөтүндө "Интердин" футболчусу Ромелу Лукаку эсепти теңеди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө, 86-мүнөттө "Барселонанын" чабуулчусу Ансу Фати гол киргизип, Испаниянын клубу алдыга чыкты. Ошону менен беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, F тайпасынан Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына "Барселона" менен "Боруссия" клубу чыкты. Ал эми "Интер" үчүнчү болуп, тайпадан чыга алган жок.

Ошондой эле бүгүн түнү Чемпиондор лигасынын 6-турунун алкагында "Ливерпуль" менен "Ред Булл" (2:0), "Наполи" менен "Генк" (4:0), "Челси" менен "Лилль" (2:1), "Боруссия" менен "Славия" (2:1), "Лион" менен "Лейпциг" (2:2), "Бенфика" менен "Зенит" (3:0), "Аякс" менен "Валенсия" (0:1) беттеш өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий