• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Барселона» кайрадан Гризманнды сатып алуу аракетин көрүүдө

Спорт 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. «Барселона» футбол клубу кайрадан "Атлетико Мадриддин" чабуулчусу Антуан Гризманнды сатып алуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу sportbox жазат.

Каталониялык клуб Гризманнды былтыр эле сатып алууну көздөгөн. "Барселона" 2018-2019 сезондун аягында кайрадан "Атлетикого" сунуш кылууну пландап жатат.

Эске салсак, "Атлетико" Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "Ювентуска" утулуп, кийинки баскычка өтө албай калган. Ошондон кийин Гризманн "Атлетикодо" өз келечегине ишенбей калганы айтылууда.

Быйылкы сезондо Гризманн 28 оюнда талаагы чыгып, 12 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий