• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Барселона" клубу "Бетисти" 5:2 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 26.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Испания биринчилигинин 2-турунун алкагында "Барселона" клубу "Бетис" менен "Камп Ноу" стадионунда ойноп, "Барселона" каршылашын 5:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Алгач, оюндун 15-мүнөтүндө "Бетистин" чабуулчусу Фекир гол киргизген. Оюндун биринчи бөлүгүнүн аягында Антуан Гризманн эсепти теңеп, экинчи бөлүктүн башында ал гол киргизип командасын алдыга чыгарган.

Андан кийин "Барселонанын" оюнчулары Карлес Сайоль, Жорди Альба жана Артуро Видаль гол киргизишкен.

Оюндун 79-мүнөтүндө "Бетистин" чабуулчусу Морон экинчи голду киргизди.

Кийинки беттеште "Барселона" клубу 31-августта "Осасуна" менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий