• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Барселона” командасы “Манчестер Юнайтедди” 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.04.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде испаниялык “Барселона” клубу “Манчестер Юнайтед” командасы менен оюн өткөрдү. “Барселона” 3:0 эсебинде жеңишти камсыздады.

1-таймдын 16-мүнөтүндө Леонель Месси коргоочуларды алдап туруп тепкен тобу эсепти ачты. Оюндун 20-мүнөтүндө кайрадан Мессинин тепкен тобун кызылдардын дарбазачысы Де Хеа катачылыкка жол берип, гол киргизип алды.

2-таймдын 61-мүнөтүндө чабуулчу Коутиньонун узактан соккон соккусу каршылашынын дарбазасынан орун алды.

Алгачкы оюнунда “Барселона” 1:0 эсебинде алдыга оозуп чыккан.

Белгилей кетсек, эртең, 18-апрелде “Тотенхэм” клубу “Манчестер Сити” менен оюн өткөрсө, “Ливерпуль” “Порту” командасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий