• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Барселона" менен "Реалдын" оюну 18-декабрга жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Испания биринчилигинин 10-турундагы "Барселона" менен мадриддик "Реал" командасынын ортосундагы оюн 18-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Cadena Ser билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Испаниялык эки команданын оюну 26-октябрда "Камп Ноу" стадионунда өтмөк. Бирок Каталониядагы башаламандыктардан улам оюн 18-декабрга жылдырылган.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 17-октябрда аталган мелдешти уюштуруу комитети тарабынан кабыл алынган. Оюндун убактысы кийинчирээк белгилүү болот.

Футбол боюнча Испания биринчилигинин тизмегинде 18 упай менен "Реал" клубу биринчи орунду ээлесе, "Барселона" командасы экинчи сапка жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий