• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Барселона" Мессинин келишимин 2023-жылга чейин узартууга кызыкдар

Спорт 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун жетекчилиги Лионель Мессинин келишимин узартуу үчүн футболчунун өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, "Барселона" клубу жакынкы күндөрдө оюнчунун кызыкчылыгын коргогон Мессинин атасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Учурдагы аргентиналык оюнчунун келишими 2021-жылдын жай айына чейин түзүлгөн. Аталган клуб футболчунун келишимин 2023-жылга чейин узартууну каалап жатат.

Быйылкы сезондо Месси "Барселонанын" катарында 17 оюн өткөрүп, 14 гол киргизди.

Пикир

Оставить комментарий