• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Барскоон-Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек унаа жолдоруна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде саат 15:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 40-чакырымында кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

Ошондой эле саат 15:00дөр чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында болжол менен көлөмү 40 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылган.

Пикир

Оставить комментарий