• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Барскоондо өспүрүм бала козу карын терем деп жоголуп кеткен

Аймак 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Барскоон капчыгайына 17 жаштагы А.Ж., аттуу бала козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, өспүрүмдү издөөгө төрт куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан төрт адам тартылган.

"Саат 03:15те издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн да улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий