• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баш байге 200 миң сом! Өлкөдө "Жаш жаратман" социалдык видеороликтердин сынагы жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштар үчүн тарбиялык багытындагы "Жаш жаратман" социалдык видеороликтердин сынагын жарыялайт.

Агенттиктен билдиришкендей, социалдык видеороликтердин сынагы жаш кыргызстандыктардын аң-сезиминде ар бир адам умтулуп үлгү боло турган жарандын образын калыптандыруу максатында өткөрүлүүдө. Чыгармачылык борборлор жана кесипкөй студиялар сынактын катышуучулары боло алышат.

Видеороликтердин мазмунуна карата талаптар:

Видеороликтердин сценарийи мекенчил, чынчылдык, жоопкерчилик, асылдуулук, эмгекчилдик жана башка сапаттарды камтыган Кыргыз Республикасынын идеалдуу жаш жаранынын образын түзүүгө багытталышы керек.

Видеороликтерге жалпы талаптар:

- тили: кыргыз жана орус;

- видеороликтин жогорку сапаты (сүрөттөр, үн);

- видеороликтик хронометражы – 2 мүнөткө чейин;

- сюжеттин жаңылыгы жана оригиналдуулугу;

- интернетте болгон материалды пайдаланууга тыюу салынат;

- сынакка катышууга анын максаттарына жана милдеттерине жооп берген, бүтүрүлгөн оригиналдуу чыгармалар гана кабыл алынат;

-видеороликтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, моралдык ченемдерге каршы келбөөгө жана башка адамдардын автордук укугун бузбоого тийиш.

Сынакка катышкан иштердин автордук укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик авторго (катышуучулардын жамааты) жүктөлөт. Сынактын жеңүүчүлөрүн өзгөчө атайын түзүлгөн сынактык комиссия сынактык иштерди баалоо критерийлерине ылайык, топтолгон баллдардын саны боюнча аныктайт.

Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

1-орун – 200 миң сом;

2-орун – 150 миң сом;

3-орун –100 миң сом.

Сынакка катышууга өтүнмө менен кайрылган, берилген тематикага дал келген видеороликтер кабыл алынат. Өтүнмөсүз берилген материалдарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынактык иштер санариптик алып жүрүүчүдө (CD disk же USB топтогуч, ошондой эле файл алмаштыргычтагы резервдик көчүрмө) өтүнмөсү менен бирге Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17 дареги боюнча, Мамагенттиктин жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнө 2020-жылдын 18-декабрына чейин кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий