• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баш байге 300 миң сомдук алтын комуз. Ошто төкмө акындардын айтышы өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Ош шаарында 40 төкмө акын катышкан сынак жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, шаар тургундары катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алтын комуз байгесине арналган “Ак таңдай” акындардын айтышында баш байге 300 миң сомдук алтын комузду жана 80 миң сом акчалай сыйлыкты Баян Акматов утуп алды.

Сынакка Казакстандан 3 төкмө акын келип катышты. Жалпы 40 төкмө акын катышып, анда 10дон ашык төкмө акын терилип, финалдык беттешке чыкты. 10 төкмө акынга байгенин эсебинен 10 миң сом жана кызыктыруучу сыйлуу белектер тапшырылды. Алар: Нургаалы Мураталы уулу, Нурлан Эсенкулов,Турат Жумаев,Тынчтык Эсенбай уулу, Абдыкайым Ашымбеков, Мамэл Исраилов, Нурайым Исмаилова, Сапарбек Зулпуев, Чыңгыз Кожошев, Нурсултан Абдикаримов, Нурсултан Малдыбаев, Садырбек Турдубек уулу.

Андан кийин 1-2-3-орунду камсыз кылган төкмө акындарга байгелер тапшырылды. 3-орунду Мамбеттокто Мамбет Орозо уулу камсыз кылып, 40 миң сом байге алды. 2-орунду Жылдызбек Тороканов ээлеп, 50 миң сом акчалай сыйлык алды. 1-орунга Айсаба Базарбай кызы чыгып, 60 миң сом акчалай байге тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий