• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баш байге 60 миң сом! Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жаштар арасында сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Маданият министрлиги Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жаштар арасында поэзия сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынак "Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" деп аталат.

Сынактын жобосуна ылайык, Апрель революциясына байланышкан кайгылуу окуяларды эскерүү, замандын курч көйгөйлөрүн, каармандардын турмушун чагылдырган жаңы чыгармаларды жаратуу болуп саналат.

Сынактын милдеттери:

- Улуттук адабияттын поэзия жанрын өнүктүрүү жана жаңы ысымдардын пайда болушуна шарт түзүү;

- Поэтикалык чыгармалар өз мекенин сүйгөн, эли үчүн жанын аябаган, кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын патриоттуулугун көрсөтө билген мазмунда жазылышы керек.

Негизги талаптар жана критерийлер:

- Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жазууга дилгир болгон калемгерлер патриоттук ырлары менен катыша алышат;

- Поэтикалык чыгарманын көлөмү 12 саптан кем болбоого тийиш, Апрель революциясына байланышкан окуяларды камтуу зарыл;

- Көркөм ырлардын идеясында революция мезгилинен тартып бүгүнкү күнгө чейинки апрель революциясына катышкан каармандардын турмушу, курман болгон каармандарынын артында калган үй-бүлөлөрүнүн турмушундагы көрүнүштөр, коомдук кырдаалды сезе билүү, мезгилдин күрөө тамырын кармай билүү, атуулдук сезимде, мекенди сүйүүгө болгон далалат жана коомдук процесстерди көркөм чагылдырып көрсөтүү зарыл.

Сынактын байгелери:

-Баш байге - 60 миң сом;

-Биринчи орун - 50 миң сом;

-Экинчи орун - 40 миң сом;

-Үчүнчү орун - 30 миң сом.

Сынакты өткөрүү тартиби:

- мурда жазылган, сынактарга катышкан ырлар кабыл алынбайт;

- бир эле автор бир нече ырлары менен катыша алат;

- ырлар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат.

Сынакка жиберилген поэтикалык чыгармалар А4 форматында,14 өлчөмдөгүTimesNewRoman шрифти менен, саптарынын ортосу бир интервалда, барактын чекеси: үстүнөн жана астынан 2 см., сол тарабынан 3 см., оң тарабынан 1,5 см. калтырылып жазылышы керек.

Автордун аты, жашаган дареги жана байланыш маалыматтары толук көрсөтүлүп, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун ncc07@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78. Байланыш тел. +996 (312) 661947, 660424. 0771 323 979. Кабыл алуу мөөнөтү: 2020-жылдын 14-февраль күнү саат 18:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий