• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баш байге батир жана автоунаа. Ошто мектеп мугалимдери арасында сынак башталды

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында "Жылдын мыкты мугалими-2021" кароо-сынагы старт алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов шаардагы мектеп директорлору жана мугалимдер менен жолугушуп, сынак үчүн коюлган байгелер тууралуу айтып берди. Мугалимдерге сынактын шарттары түшүндүрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн берилчү сыйлыктардын сертификаттары Ош шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырылды.

Ош шаарынын мэриясы демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектер берилет:

Сынактын баш байгесин жеңген мугалимге "Эмаком" курулуш компаниясынын атынан батир;

1-орунга "Визион" курулуш компаниясынын атынан автоунаа;

2-орунга Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютерлер, түстүү принтер жана кир жуучу машина;

3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жан чаң соргуч;

4-орунга "Карс" такси кызматы тарабынан 3 адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо. Мындан тышкары, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, сматфондор берилет.

Кызыктыруучу сыйлыктарга Ош шаарынын мэриясынан тышкары "Кудайберди" базары, Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти, Борбордук базар, "Атабек", "Исламбек", "Кут ордо" кафелеринин ээлери демөөрчүлүк кылышкан.

Сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептин мугалимдери катышат.

Пикир

Оставить комментарий