• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баш байге Ысык-Көлгө жолдомо. Жалал-Абадда "Жылдын мыкты мугалимин" аныкташат

Аймак 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мугалимдер арасында “Жылдын мыкты мугалими - 2021” сынагы өтүүдө.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эки күнгө созулган сынактын алгачкы күнүнө калаа мэри Эрнисбек Ормоков да күбө болду.

Сынакка 17 мугалим катышып жатат. Аларга сабак өтүүдөгү өзгөчөлүк, акыркы технологияларды пайдалануу, иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн жактоо сыяктуу талаптар коюлган.

Кароо-сынакка Жалал-Абад шаардык мэриясы 150 миң сом акча каражатын бөлгөн. 1-орунду алган мугалимге Ысык-Көлгө 20 күнгө жолдомо, 2-3-орундарга Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомо берилет.

Мэр Эрнисбек Ормоков эмдиги жылы шаардык кеңештин депутаттары колдоп берсе биринчиликти алган мугалимге автоунаа берилээрин убадалады.

Пикир

Оставить комментарий