• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баш кийимдер, нике шакектери жана уктап калган кыздар. Бишкектиктер таксиде эмнелерди унутуп кетишкен?

Коом 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Бул кышта Бишкекте Яндекс.Таксинин колдонуучулары көбүнчө телефондорун, сумкаларын жана капчыктарын жоготуп жатышты. Бул тууралуу маалымат колдоо кызматы менен тастыкталды – ал жакка кызмат аркылуу буйрутмаланган сапар учурунда буюмдарын калтырып кетүүлөрүн билдирип кайрылышат.

"Яндекс.Таксинин колдоо кызматына Бишкектин жашоочуларынын унутулуп калтырылган нерселери боюнча кайралууларынын эң чокусу жума кунгө туура келет. Анткени жуманын аягын шаңдуу майрамдоонун издери болуш керек. Издеп табууга аракет кылышкан башкача буюмдар – колбаса таякчасы, маффиндер кутусу, бешик арабанын туткасы, бургу, мышыктардын тамагы, алтын балыктар, куурулган күрп жана жада калса театрга болгон билеттер. Жаңы жыл түнү унутулуп калтырылган буюмдардын тизмегин баалуу алкогол бөтөлкөсү жана бир нече белектер толуктады", - деп айтып беришти Яндекс. Таксинин басма сөз кызматынан.

Бишкектин такси айдоочулары башкаларга караганда унааларынан паспортторду жана заряддоочу түзмөктөрдү көбүрөөк табышат. Бир жолу жаш жубайлар – толкунданып жатып унаада нике шакектеринда унутуп кетишкен. Ал эми дагы бир колдонуучу унаада суйлөшкөн кызын унутуп кеткен. Бирок башка шаарлардын жана өлкөлөрдүн жашоочуларынан айырмаланып, бишкектиктер кол чатырларды, бут кийимдерди жана ачкытарды эч качан унутушкан эмес.

Баарына караганда жоголгон нерселерге кичинекей балдар өзгөчө кайгырышат. Өткөн айдын ичинде эле Яндекс.Таксинин колдоо кызматына 12 оюнчук, чупа-чупс жана шоколад жумурткасын табууну өтүнүшкөн.

Негизи, калып калган нерсени кайра кайтарып берүү кыйын эмес: кызматтын эрежелери боюнча айдоочу табылган нерселерди иштеген жериндеги таксопаркка алып барыш керек. Андан тышкары, эгерде унутулуп калган нерсе тез аныкталса, колдонуучу дароо сапар яктагандан кийин (бул үчүн колдонмону электрондук почтанын дарегине туташтыруу керек), же иш жүрүү жыйынтыгы боюнча отчетто айдоочунун өзү менен «Сапардын тарыхы» же телефон аркылуу байланышса болот. Эгерде айдоочу алыстап кете элек болсо, жүргүнчү менен сүйлөшүп унутулуп калган нерсени кайтарып бере алат. Буйрутманы аткарган айдоочунун телефон номери бир сутка ичинде тарыхта сакталып турат.

Яндекс.Такси — таксини онлайн чакырууга арналган кызмат. Ал колдонуучунун жайгашкан жерин аныктап, буйрутманы ылдамыраак жете алчу айдоочуга жөнөтөт. Яндекстин техногологиясы — суроо-талапты жана жол тыгындарын божомолдоосу, картадагы багыттамасы жана алгоритмдердин жардамы менен буйрутмалары бөлүштүрүүсү – таксинин токтоп туруу жана кур бекер жүрүү убакытын азайтат. Ушундан улам сапарлар арзаныраак, ал эми айдоочулардын акысы — жогорураак болот. Кыргызстанда Бишкектин жана Оштун тургундары кызматты колдонушат. iOS жана Android үчүн акысыз Яндекс.Такси колдонмосу кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий