• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баш ооруу, алсыздык, дене табынын көтөрүлүшү. Коронавирустан эмделгендердин абалы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алган жарандардын абалын айтты.

Анын айтымында, ар бир эмделген жарандын маалыматы электрондук сайтка киргизилип, дарыгердин көзөмөлүндө.

“Бүгүнкү күндө 500дөй адам вакцина алды. Ар бир күнү эртең менен жана кечинде эмдөөдөн өткөн жарандардын абалын сурап турабыз. Вакцина алгандардын 2-3 пайызынын дене табы көтөрүлүүдө, 3,5 пайыз жарандардын башы ооруп жатат, 6-7 пайызында алсыздык байкалууда. Калгандарынын абалы жакшы”, - дейт ал.

Бейшеналиев мурда коронавирус менен ооруп, антителанын көрсөткүчү 5тен жогору болгондор вакцина албай койсо болорун кошумчалады.

“Анын иммунитети оору менен күрөшөт. Эгер антителанын көрсөткүчү 5тен аз болсо же муруну оорубаган болсо, анда дарыгер тиешелүү анкетаны толтурулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт”, - деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрель саат 8:00гө карата COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделгени айтылган.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Пикир

Оставить комментарий