• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баш жана дененин ооруусу. Адис Pfizer вакцинасынын мүмкүн болгон терс таасирлери тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммуннопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын мүмкүн болгон терс таасирлери жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, аталган препарат менен 18 жаштан жогорку бардык жактарды эмдөөгө болот. Өз кезегинде калктын артыкчылыктуу тобу 65 жаштан жогоркулар жана өнөкөт оорулар менен жабыркагандар.

“Эмдөө 21-28 күн аралыгы менен эки ирет жүргүзүлөт. Эмдөөдөн кийин ийне сайган жерде кызаруу жана ооруксунуу, дене табы 37 градуска чейин көтөрүлүү, баш жана тулку бойдун оорусу мүмкүн. Симптомдор 2-3 күнгө чейин созулушу ыктымал, эгер 3 күндөн кийин дагы ооруксунуу улана берсе дарыгерге кайрылуу керек”, - деди ал.

Ошондой эле, Ишенапысова 27-октябрда Кыргызстанга COVAX демилгесинин линиясы аркылуу Pfizer вакцинасынын 259 миң 740 дозасы келгенин белгиледи.

“Учурда аталган вакцина Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеткиликтүү. Бүгүн эртең менен вакцинанын бир бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна жөнөтүлдү. Ошондой эле эртең Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына дагы жөнөтүлөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий