• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Башаламан соода-сатык. Бишкекте милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери башаламан соода кылган жарандарга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар тургундары социалдык сайттар аркылуу Ош базарынын айланасындагы тыгындарды жоюу жана жол жээгинде мыйзамсыз башаламан соода кылган жарандарга карата көптөгөн кайрылууларды жасашууда.

"Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек мэриясынын Ленин райондук админстрациясынын кызматкерлери менен бирдикте Киев-Кулиев, Чүй-Кулиев, Киев көчөсү Кулиевден Бейшеналиевге чейин, Бейшеналиев-Чүй, Бейшеналиев-Киев, Чүй көчөсү Кулиевден Бейшеналиев көчөлөрүнө чейин башаламан мыйзамсыз соода-сатык кылган жарандарды аныктап, аларды ордунан тазалап, тийиштүү чараларды көрүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жол жээгинде мыйзамсыз соода-сатык кылуу жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдук жаратып, ысык аба ырайында тамак-аш жана мөмө-жемиштер сатып алуучулардын ден соолугуна коркунуч жаратаары эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий