• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башаламандык жана тоноочулукту уюштуруу аракетинин аркасында мурдагы жана азыркы депутаттар турат - Жунушалиев

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Башаламандык жана талап-тоноочулукту уюштуруу аракетинин аркасында мурдагы жана азыркы депутаттар турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, Ала-Тоо аянтына эл түзүлгөн план боюнча чогултулган.

"Алардын арасында шаарды тоноп, башаламандык уюштурганы жаткан соттолгондор менен баңги колдонгондор болгон. Анын аркасында мурдагы жана учурдагы депутаттар турган. Азыр тергөө жүрүүдө", - деди ал.

Жунушалиев белгилегендей, болуп өткөн окуялардан 79 милиция кызматкери ар кандай жаракат алган.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий