• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга кетүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кечээ, 22-октябрда “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл өткөрмө жайында чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны башка бирөөнүн паспорту менен кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Кыргызстандан Казакстанга сапар тарткан жаран паспорт текшерүү учурунда колго түшкөн. Ал текшерүү маалында 1988-жылкы К.Ш., аттуу жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн.

“Паспорт башка бирөөгө таандык экендиги аныкталды. Ал коңшу өлкөгө чыгып кетүү үчүн тууганынын паспортун колдонууну чечкен”, - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий