• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башка бирөөнүн паспорту менен Тажикстанга кирүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 23.11.17. /Кабар/. “Кызыл-Бел унаа-жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында чек ара кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасын башка бирөөнүн паспорту менен кесип өтүүгө аракет кылган КР жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматы кабарлады.

Паспорт текшерүү учурунда 38 жаштагы Кыргызстандын Г.И., аттуу жараны башка КРдин жаранына таандык паспортту көрсөткөн. Кармалгандын айтымында, өзүнүн паспортун жоготуп алып, чек арадан тууганынын паспорту (ID-card) менен өтүүгө аракет кылган. Кармалган аял Тажикстанга туугандарына бара жаткан.

Бардык керектүү документтер чогултулуп, КР ИИМнин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий