• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкарам десең унутпа, сага көйгөй чечкениң үчүн акча төлөшөт - 10 кеңеш

Дүр дүйнө 0

Валери Пуансо айым карьерасын жарнамадан баштап, бир аздан кийин фармацевтикалык тармакка өткөн. 20 жылдан кийин ал Boiron фирмасынын глобалдык бизнесин башкарып калды.

Валери Пуансо - Boiron гомеопатикалык лабораториясынын генералдык директору. Ал Кристиан Буаронун үй-бүлөлүк ишканасынын экинчи кишиси. Учурда фирма 50 мамлекетте бизнес жүргүзүп, 2016-жылы 615 млн евро тапкан. Буаронун 90 жылдык үй-бүлөлүк ишканасынын тарыхында Пуансо сырттан келген биринчи менеджер болгон.

1. Эволюция жакшы, бирок революциядан да коркпогула

Бургундия университетинде окуп жаткан кезде эле мен жарнак агенттиктеринде стажорлук кылчумун. Ошондуктан университетти бүтөрүм менен француз жарнак базарынын эң ири оюнчуларынын бири - Agence Publics компаниясында иштей баштадым.

Бирок тиешелүү мыйзамга өзгөрүүлөр киргенден кийин жарнак аянттарынан акча түшпөй баштады. Натыйжада, жаш болгонум үчүн жарнак тармагында карьера кылбай эле коёюн деп чечтим. Ошол учурда жарнак долбоорлору боюнча иштешкен кардарлардын бири Fournier лабораториясынан жумуш сунуштады.

Мен ар эки жыл сайын макамымды алмаштырып баштадым. Анткени Fournier кызматкердин ар тараптуу өсүүсүнө кызыкдар болчу. Карьерам күйөөм Лионго көчүп кетели дегенге чейин ушул жолдо уланды.

Ошентип 2000-жылы Boiron лабораториясында иштеп калдым. Ал жакта да 2007-жылы башкаруучу командага кирип, генералдык директордун орун басары болгонго чейин макам алмаштырып келдим. Акыры, 2011-жылы компаниянын сырттан дайындалган генералдык директору болуп калдым. Мен ишиме аябай берилип, талыкпастан иштедим, ошондуктан карьерам да ыкчам өстү.

2. “Генералдык директор болгум келет” деген эмесмин

Сурамжылоо боюнча генералдык директор болгон аялдардын жарымынан көбү кимдир бирөө айтмайынча компанияны башкарам деген максат койбойт.

Балким бул аялзатынын өз күчүнө ишенбегенине байланыштуу болгондур. Мен иштеген секторумду өнүктүрөйүн дегем жана өзүм жетектеген командаларым менен иштегим келчү. Бирок белгилүү бир убактан кийин курулай шыктандыруу жетишсиз боло баштаганда жетекчим: “Сенин ыйгарым укуктарыңды кеңейтүү керек”, - деди.

3. Көйгөйлөр ишиңдин бир бөлүгү

Үй-бүлөөгө тиешем жок болсо да, Буарон бүлөөсүнүн мүчөлөрү менен эффективдүү иштешим керек эле. Мезгил алга жылган сайын өз ордумду табуум керек экенин түшүндүм. Мындан сырткары, Кристиан Буаронго ишканасы менен командасын башкарууда жардам берүү деген дагы бир милдет бар болчу. Мен кээде өзүмдөн: “Гомеопатияны көп мамлекеттерде күмөнгө чыгарбаса ишим жеңилирээк болмок беле?” деп сурап калам. Чынын айтканда, мен мунун жообун билбейм. Анткени болгон көңүлүмдү компаниянын кыйынчылыктарына эмес, жетишкендиктери менен пайдасына бурам. Директор болгон соң сага маселелерди чечкениң үчүн акча төлөшөт.

4. Ар бир ката - ачылган мүмкүнчүлүк

2011-жылы италиялык бир блогер гомеопатияга каршы макала чыгарган. Анын постунда биздин лабораториянын бир өндүрүмүнүн сүрөтү жайгаштырылаган. Биз аны менен байланышып, фотону алууну талап кылалы деп чечтик. Бирок артык кылам деп тыртык кылып алган “Стрейзанд эффектине” кабылып, негативдүү ызы-чууга туш болдук. Бир нече жумада дүйнө жүзү боюнча блогдордо, твиттерде, медициналык журналдарда бул тууралуу 500 кабар жарык көрдү. Ал тургай телеканалдарга, British Medical Journalга да чыгып кеттик. Бул бизди катуу чочутту. Анткени менен бул тажрыйба бизге соцтармактардын жана анча окулбаган блогдордун да таасирин аңдаганга жардам берди. Биз блогосфера менен ишибизди кайра куруп чыктык.

5. Өз жөндөмүңүздөн күмөн санабаңыз

Аялзаты болсоң туруктуулук менен тырышчаактык өтө маанилүү. Менин байкашымча, аялдарга көбүрөөк бут тосушат. Андан сырткары (бул өтө назик маселе) кээде аялзатынын оюна акылыбыз жана талантыбыз үчүн эмес, көзүбүздүн көктүгүнө, же чачыбыз сары болуп, жетекчиге жакканыбызга карап макам берилди деген ой келиши мүмкүн. Чынында аялдар өз потенциалына жетиш үчүн эркектен да көп иштегенин унутуп калат.

6. Максатыңар түшүнүктүү болсун

Жеке жана кесиптик максаттарды койгондо мен аларды визуалдаштырып, аларга жетүү үчүн көп план түзөм. Акыры алар ар биринин убакты-сааты бар немедей, баары иретине жараша ишке ашат. Мен өзүмө өтө эле көп суроо бере бербей, конкреттүү бир убакта эмнени каалап жатканым тууралуу ойлонуп, алдыны көздөй жыла баштайм.

7. Кызматкердин мүмкүнчүлүгүн туура баалаңыз

Мени ситуативдүү менеджмент менен алектенет десе болот. Шыктандыруу жана компетентүүлүк деген эки негиз бар. Эгер кызматкерде шыктануу гана болуп, керектүү компетенциясы жок болсо, аны директивдүү башкарыш керек. Эгер каалоосу да, тажрыйбасы да болсо, ишти делегирлеп, бир нерсе жүктөп баштаса болот. Биз филиалдардын директорлору менен ушундай иштейбиз. Керектүү ыйгарым укуктун баарын беребиз, алар болсо аткарылган ишинин эсебин берет.

8. Коркпой суроо бериңиз

Менден кандайдыр бир жардам алган кишилердин 90 пайызы тикелей жардам сурагандар деген ойдомун. Ошондуктан жардам сураш керек. Мен да кээде шефтин, аялбы же эркекпи, айтор кесиптештеримдин, сырткы эксперттердин кеңешине муктажмын. Эгер мени менен кеңешкиси келсе, эшигим кызматкерлер үчүн дайыма ачык. Бирок суроо бергендер аз. Анткени алар үчүн бул өз компетенциясы тууралуу күмөн пайда болуусун шарттоо дегендик. Муну эч ким каалабайт.

9. Эмгегиңиздин акысын талашкыла

Францияда эркек менен аялдын маянасынын бирдейлигин кепилдеген мыйзам бар. Чыгымдарды каржылоо жагынан болсо айырма бар, бирок бара-бара азайып келе жатат. Өзүнө тиешелүү компенсациянын суммасын эркек да, аялзат да коргошу керек. Бул өзүнө жана өз күчүнө ишенүүгө байланыштуу. Маянасы боюнча сүйлөшүүлөрдү туруктуу жана аябай жигердүү өткөргөн кыз-келиндер жок эмес.

10. Мерчемди “баштан” түзүп баштагыла

Жеке жөндөм жана мүмкүнчүлүктөргө “макул” деш керек. Менин оюмча бул төмөнкүчө иштейт: баш - жүрөк - дене. “Баш” – бул сен бир нерсени эмнеге кылгың келгенин түшүнүүң дегендик. Мисалы, мен эмнеге Bоironдо иштегим келет? “Жүрөк” - мен муну кантип ишке ашыргым келет, “дене” - натыйжага жетүү үчүн конкреттүү эмнелерди кылышым керек? Анан да, көйгөйлөрдү чечип, ишканананын жана үй-бүлөңдүн иштерин тескеш үчүн денени дайыма жакшы формада кармаш керек.

Ольга Волкова, Forbes Staff

Булагы: Саресеп

Пикир

Оставить комментарий