• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Башкортостанда Кыргызстан маданиятынын күндөрү өтөт

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Уфада (Башкортостан) Кыргызстан маданиятынын күндөрү өтөт. 22-23-июнь күндөрү КР Президенти Алмазбек Атамбаев Башкортостанга келет. Сапардын алкагында ал республиканын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушат.

"Офис-группа Республики Башкортостан" улуттар аралык, эл аралык кызматташууну өнүктүрүү уюмунун коомчулук менен байланыш адиси Елена Арямнова билдиргендей, Кыргызстандын маданиятынын күндөрүнүн алкагында кыргыз киносу, концерттер жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулат. Ачылыш салтанаты 22-июнда «Башкортостан» Мамлекеттик концерттик залында өтөт. Көрүүчүлөргө КРнын чыгармачыл жамааттары өнөр тартуулашат.

Кыргызстандын маданият күндөрүнүн программасында “Родина” кинотеатрында “Курманжан датка”, “Атанын керээзи”, “Сүтак” тасмалары көрсөтүлөт.

Уфанын жашоочулары көргөзмөгө келишип, кыргыз чеберлеринин эмгектери менен тааныша алышат.

Пикир

Оставить комментарий