• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы архитектор: Эс алуу аймагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдуу

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүнөн өйдө (Түштүк дарбаза) Байтик Баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жайды куруу мыйзамдуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Аламедин районунун башкы архитектору Мелис Мырзакулов кабарлады.

Анын айтуусунда, бул жер тилкесинин планы Бишкек башкыархитектура тарабынан иштелип чыккан.

“Биз планды карап чыгып, курулуш жүргүзүүгө макулдук бердик. Деталдык пландоонун долбоорунда бул жерде курулуш жүргүзүүгө болот экендиги көрсөтүлгөн. Ошонун негизинде биз макулдук бергенбиз”, - дейт Мырзакулов.

Мырзакулов белгилегендей, бул жер А.Матиевге таандык.

Аталган жашыл аймакта сегиз кабаттуу үй курулат.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым ММКда Бишкектеги Байтик Баатыр проспектисин бойлой өйдө кеткен эс алуу аймагында бир түндө тосмолор коюлуп, курулуш иштери башталгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий