• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы баалуулук - адам өмүрү! ИИМ ЖКККББ жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жалпы жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат.

Урматуу жол кыймылынын катышуучулары!

Өзүнө-өзү ашыкча ишенүү, жол кыймылынын эрежелерин четке кагуу жана айлана чөйрөгө болгон кайдыгерлик көпчүлүк учурда кайгулуу кесепеттерге алып келерин эсиңерден чыгарбагыла. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дагы бир жолу, ар бир жол кыймылынын катышуучусунун коопсуздугу, алгач, адамдын өзүнөн, анын жолдогу коосуздуктун нормаларын билүүнү каалап жана жолдо жүрүм-турумунун түшүнүгүнөн болоорун эске салат.

Жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын, жол чырактардын, жол белгилерин, жол чийиндерин билүүгө жана сактоого, ошондой эле жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлердин буйруктарын аткарууга милдеттүү.

ЖКККББы кызматкерлери катуу жана принципиалдуу болууга ниеттенишет, бирок айып салуу же башка жаза колдонуу коркунучу болгондуктан эмес, жолдо биринчи кезекте эң башкы баалуулук адам өмүрүн жогору баалап, ага ар тараптуу кам көрүшүңүз керек.

Айдоочулардын негизги катасы - жөө жүргүнчүнү убагында байкабай, көрүнүү жана көрүү шарттарын баалай албагандыгы. Жөө жүргүнчүлөр жакаларынан, баш кийиминен жана башка тоскоолдуктадан жакындап келе жаткан транспорт каражатын көрө албай кала тургандыгын эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан жөө адамдар өтүүчү жолго жакындаганда жөө адамдарды өткөрүү үчүн эртерээк ылдамдыкты азайтып же токтоо керек. Өзгөчө жол кыймылынын абалын туура эмес түшүнүп, жолдо болуп жаткан абалды тез жана туура жооп бере албаган балдарга жана улгайган адамдарга карата өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошол эле убакта, айдоочулардын жөө жүргүнчүлөрдү убагында байкоосун камсыз кылуу максатында, жөө жүргүнчүлөргө чагылтуучу элементтер бар буюмдарды колдонуу сунушталат.

Урматтуу жөө жүргүнчүлөр!

Жолду жөө адамдар өтүүчү жерден жана жол чырагынын уруксат берилген жарыгынан гана кесип өтүү - жолду кесип өтүүдөн мурун, өтмөктүн сиз үчүн коопсуз экенине көзүңүздү буруңуз. Жакындап келе жаткан унааларга чейинки аралыкты, алардын ылдамдыгын кылдаттык менен баалап алыңыз, караңгыда чагылдыруучу элементтерди колдонууну унутпаңыз.

Урматтуу айдоочулар!

Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин 14.1-пунктуна ылайык, жөнгө салынбаган жөө адамдар өтүүчү тилкесинде, сиз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун кесилишинен өтүп бара жаткан жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүүсүз. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин 13.1-пунктуна ылайык, оңго же солго бурулганда, айдоочу өзү кайрылып жаткан багыттагы жолдун кесилишинен өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөргө жол бериши керек.

Жол кыймылынын эрежелердин ушул пункттарын аткарбагандыгы үчүн айдоочуга бузуулар тууралу протокол түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1-беренесинин 2-пунктуна ылайык, экинчи категориядагы айыппул салынат.

Жолдун жөө адамдар пайда болушу мүмкүн болгон бөлүгүнөн өтүп жатканда этият болуңуз жана жайыраак жүрүңүз, өзүңүздүн жана башка адамдардын ден-соолугу жана өмүрү жөнүндө кам көрүңүз! Жол кыймылынын эрежелерин сактоо сиздин жолдогу коопсуздугуңуздун кепилдиги экендигин сиңизден чыгарбаңыз!

Пикир

Оставить комментарий