• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

"Кыргыз темир жолунун" жетекчилиги түштүк аймактагы станцияларды текшерди

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Күз-кышкы текшерүү мерчемине ылайык, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жетектеген комиссия темир жолдун түштүк тармагына сапар жасады, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, комиссия Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан 7 станцияны кыдырып чыгышты.

Биринчи кезекте комиссия ишкананын объектилеринин кышка даярдыгы, темир жол кыймылынын коопсуздугу, эмгек тартибин сактоо жана кызматкерлердин жумуштагы шарттарын карап чыгышты.

«Кемчиликтер аныкталды, алар тез арада четтетилет. Түштүк бөлүмүнүн жетекчилигине шарттарды жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди. Жакын арада жүк ташуучу парк жарым-жартылай жаңыртылат, жолдун үстүнкү түзүлүшүнүн абалы жакшыртылат. Аткарылуучу бардык иштер жеке көзөмөлүмдө жүргүзүлөт», - деди ишкананын жетекчиси А.Сакиев.

Белгилей кетсек, ушундай эле текшерүү сентябрь айында өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан станцияларда жана түзүмдүк бөлүмдөрдө жүргүзүлгөн. Күзгү текшерүү комиссиянын курамына ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жооптуу жетекчилери кирет. Иш-чара 13-15-октябрь күндөрү болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий