• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Екатеринбургдагы Башкы консул Бийбосунов Свердлов облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов 2021-жылдын 13-сентябрында Свердлов облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Иванович Русинов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Р.Бийбосунов Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү болуп аныкталгандыгын, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун алдында шайлоо участогу түзүлгөндүгүн жана даярдык иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Башкы консулдуктун алдындагы шайлоо участкасынын ишин уюштурууда, ар дайым техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Свердлов облустук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди.

Р.Бийбосунов ошондой эле В.Русиновго КМШнын Байкоочулар Миссиясынын эл аралык байкоочусу катары Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын сегизинчи чакырылыштагы депутаттарын шайлоо учурундагы Свердлов облусундагы добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүүгө катышуу ниети бар экенин билдирди.

В.Русинов Россиянын Мамлекеттик Думасына жана Свердлов облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын шайлоого карата облустук жана аймактык шайлоо комиссияларынын даярдыгы тууралуу айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын парламентинин депутаттарын шайлоодо Башкы консулдукка уюштуруучулук-техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий