• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Башкы машыктыруучу Эркинбаев: Кыргызстандык балбандар колдон келген аракеттерин жасашты

Спорт 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Токиодогу Олимпиада оюндарында колдон келген аракеттерин жасашты. Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев билдирди.

Анын айтуусунда, спортчулардын баары мыкты жыйынтык көрсөткөнгө аракет жасашып, жакшы күрөшүштү.

"Аракет жасашты. Жакшы даярдык менен келгенбиз", - деди ал.

Эркинбаев эртең, 4-августта Атабек Азизбеков коло байге үчүн күрөшө тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий