• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы машыктыруучу Иннокентий Ан: Спортчулар С.Жээнбековго добушун беришет!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Мен эмне үчүн Сооронбай Жээнбековду колдогонумду көпчүлүктөр сурашат. Ал сенин досуӊбу, же тууганыӊбы, деп сурашат. Ал менин тууганым, деп айтам, деди Улуттук каратэ до федерациясынын башкы машыктыруучусу Иннокентий Ан Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда.

«Алмазбек Атамбаев бүткүл дүйнө жүзүнө Кыргызстанга сый мамиле кылууга жеткизди, бизди бардыгы тааныды. Биз күчтүүбүз. Элдин биримдиги биздин колубузда. Эгерде КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары сунуштаса,ашыкча суроолор болбошу керек. Биз бардыгыбыз ал үчүн добуш беришибиз керек, анткени ал коопсуздуктун жана өсүүнүн кепилдиги болуп берет. Сооронбай Жээнбеков спорт үчүн эмне кылгандарын жакшы билебиз жана ал үчүн добушубузду беребиз», – деди Иннокентий Ан.

Акырында Каратэ до Улуттук федерациясынын президенти Камалдин Токтосаров жана башкы тренер Иннокентий Ан Сооронбай Жээнбековго каратэ Шотокандын 5-дан ыйгарышты жана кара кур тапшырышты.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий