• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокуратура А.Саляновадан И.Өмүркулов тууралуу маалымат берүүсүн сурады

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. КРнын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновадан депутат Иса Өмүркулов тууралуу андагы материалдарды берүүсүн сурады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 1-мартта Жогорку Кеңештин пленардык жыйнында депутат Аида Салянова Иса Өмүркуловго карата башка материалдар бар экенин айтып, эмне үчүн бул материалдар боюнча чаралар кабыл алынбайт деп суроо салган.

КР Башкы прокуратурасы Иса Өмүркуловго тиешелүү кандайдыр бир башка маалыматтарга ээ эмес.

“Ушуга байланыштуу көзөмөл органы тарабынан ЖК депутаты Аида Саляновага тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, укуктук баа берүү үчүн Иса Өмүркуловго байланыштуу андагы материалдарды көрсөтүү боюнча өтүнмө жөнөтүлдү”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий