• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокуратура: Атамбаевге коюлган 5 айып негиздүү

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата демилгечи топ тарабынан айтылган айыптоолордун беш айыбын негиздүү деп тапты.

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында билдирген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 25-июнь күнү тармактык комитеттин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча ЖКнын убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу каралган.

"Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аталган маселени кароонун жыйынтыгында демилгечи топтун койгон айыптоолорунун ичиндеги экс-президенттин өз кызыкчылыгы үчүн баардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш тобун түзүп алып, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугунтуктады деген айыптоого катыштыгы жок деп табылгандыгын белгиледи. Ал эми А. Атамбаевге коюлуп жаткан калган 5 айыптоодо КР Кылмыш кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш белгилери бар деген тыянак чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Комитет мүчөлөрү Башкы прокуратуранын корутундусун эске алуу менен Жогорку Кеӊештин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алышкан.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясы "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин жана Жогорку Кеӊештин Регламенти жөнүндө мыйзамынын 33-беренесинин негизинде түзүлгөн. Атайын комиссиянын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев, Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канат Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков, Каныбек Иманалиев кирген.

Пикир

Оставить комментарий