• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе камалат

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. «Кумтөр» алтын кенине байланышкан коррупциялык факт боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын ведомостволор аралык тергөө тобу тарабынан кылмыш иш тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык кылмышка аралашкан бир нече кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарламалар берилген. Анын ичинде 1992-жылдагы «Кумтөр» жөнүндөгү башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылдагы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары, 2003-жылдагы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди рестуруктуризациалоодогу коррупциялык аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Аскар Акаевге шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган.

Аталган иш боюнча зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана укук коргоо органдарындагы башка маселелерди тактоо үчүн 2021-жылдын 2-августунда А. Акаев Бишкек шаарына алынып келинген.

Азыркы учурда Акаев тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.

"Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн К. Бакиев соттун өкүмүнө ылайык 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген", - деп кошумчалашты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий