• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокуратура: «Белизгейт» ишине байланыштуу Абдил Сегизбаев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. «Белизгейт» ишине байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы соцтармактардагы Абдил Сегизбаев тууралуу жазылган айрым маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматовду, А.Салянованы жана Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынынэлинин алдында дискредитациялоо менен алардыкылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүдөгү А.Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Тактап айтканда, «Белизгейт» деп аталган иши менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысыжана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча.

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан аталгансотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү алкагында А.Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына кармалган.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий